Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Дүйшөмбү шаарына жасаган эки күндүк расмий сапарынын алкагында Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен тар жана кеңейтилген форматта жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамилелеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы абалын жана келечегин талкууланды. Кулубаев Кыргызстан Тажикстан менен ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө умтуларын белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен 2024-2026-жылдарга Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу программасына кол коюлду.