Кыргызстанда башталгыч класстардын тамактануу ченеми эки эсеге көбөйдү

0
513

Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта өлкөдө жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануу ченеми эки эсеге жогорулады. Бул чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Алсак, токтомго ылайык, айрым социалдык мекемелердин тамактануу ченемин этап-этабы менен жогорулатуу максатында быйыл мамлекеттик казынадан 999,4 млн сом кошумча каражат каралган.

Бул каражаттар жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун жакшыртууга жумшалат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here