Баткенде ишкерлердин укуктары жана милдеттери боюнча түшүндүрүү иш чарасы өттү

0
583

Бүгүн, 15-январда Баткен шаарында ишкерлердин укуктарын жана милдеттерин коргоо боюнча жыйын болду. Отурумга Баткен облустук прокуратурасынын бөлүм башчылары, шаардык салык кызматынын кызматкерлери жана ишкерлер катышты.

Бул жыйын Баткен облустук прокуратурасы жана Жаш ишкерлер ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Иш чаранын негизги максаты, ишкерлердин укуктарын коргоо жана пропагандалоо боюнча ишкердик субъекттеринин иштерине негизсиз кийлигишүүгө бөгөт коюу.

Жыйын суроо-жооп менен уланып, суроолордун басымдуу бөлүгү салык саясатына байланыштуу болду.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 9-январында өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан “Ишкердик субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу” жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here