Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында курулган жаңы муниципалдык мал базардын курулушу бүтүп, 30-декабрда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
“Базарга 17 млн сомго жакын акча каражаты коротулган. Базар Баткен шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин карамагында болот.
Учурда иштеп жаткан эски мал базар шаардын так ортосунда жайгашып, көчөлөрдө унаа тыгындары орун алып, шаар тургундарына ыңгайсыздыктарды жаратып келет. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жаңы мал базар куруу чечими кабыл алынган. Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 1,5 га жер аянты ажыратылган.” – деп жазылат маалыматта.