Тажикстанда кармалып турган беш жүк ташуучу автоунаалар Кыргызстанга кайтарылды

0
1508

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалдан бери эки тарапта калган авто унаалар алмашуу жолу менен өткөрүлдү.

Бул тууралуу Баткен жана Согди облусунун башчыларынын жолугушуусунда белгилүү болгонун облустук бийликтен маалымадашты. 

Маалыматка ылайык, өткөрүлүп берилген бул автоунаалар чек ара жаңжалында ар кандай себептер менен Тажик тарапта калып кеткен. Бул унаалар кыргызстандык жарандардын мүлкү болчу. Натыйжада Кыргызтандын аймагынан Тажикстанга төрт унаа Тажикстандан Кыргызстанга беш авто унаа өткөрүлдү.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here