Кадамжай районунун аймагында 25-27-декабрь күндөрү жашоочуларга коомдук коопсуздукту сактоо максатында жүргүзүлгөн иш-чарада 32 тургунга айып пулдар салынды.
Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Өткөрүлгөн иш чарада жергиликтүү тургундарга кылмыштуулукту болтурбоо, укук бузууларга жол бербөө, мал-жандыктарга сак болуу жана зордук-зомбулуктардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери да жүрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун сактоо максатында 72 автоунаа текшерилди. Ал эми кылмыштуулуктун алдын алуу максатында 78 дүкөн ээлерине эскертүү актылары толтурулду.