Бүгүн, 20-декабрда Лейлек районунун Андарак айылында жана Баткен шаарында өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар мингистрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынан кабарлашты.
Ага ылайык, Лейлектин Андарак айылындагы турак үйдөн чыккан өрттүн себеби мешти пайдалануудагы эреженин бузулушунан улам чыккан. Анын кесепетинен үйдүн от жагуучу 70 чарчы метр аянты күйүп кетти.
Ошондой эле Баткен шаарында катталган өрттөн 2 кабаттуу сарайдын 17,5 чарчы метр чатыры жана 60 түк чөп күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби такталууда – деп айтылат маалыматта.