Кытайдын борбордук бөлүгүндө орун алган жер титирөөнүн натыйжасында 111 адам каза болду. Бул тууралуу «Синхуа» агенттиги жазды.
Жер титирөө Гансу жана Цинхай провинцияларында орун алды. Эң көп жоготуу Гансу провинциясында болуп, 100дөй адамдын өмүрүн алды. Ал эми дагы 11 киши Цинхай провинциясында көз жумду.
Жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 220дан ашты. Учурда зилзала катталган аймакта суу жана электр жарыгы өчкөнү айтылды.
Кытай бийлигинин берген маалыматтарына караганда жер титирөөнүн магнитудасы 6,2 баллды түзгөн.