Бүгүн 20-декабрда Жогорку кеңеште желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз чукул кабыл алынды.
Тууну өзгөртүүгө 59 депутат “макул” бешөө “каршы” добуш берди.
Белгилей кетсек, Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.
Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары тууну өзгөртүүгө каршы пакирлерин байма-бай билдирип келишүүдө.
19-декабрда өткөн мамлекеттик туу маселесине байланыштуу парламент комитететинде депутат Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүүдө референдум өткөрүү сунушун билдирген болчу.
Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “желек өзгөртүлбөй турганын, ага оңдоп-түзөө гана киргизилип жатканын” билдирди.