Баткен шаарында жаңы жылдык балаты жасалууда

0
645

Жаңы жылдык майрамга карата 20-декабрга чейин шаардагы бардык мекеме-ишканалар, жеке менчик  имараттардын короолору жана шаар көчөлөрү жаңы жылдык жарыктандыруулар менен жасалгаланат. Бул тууралуу шаардык бийликтен билдиришти. 

Ошондой эле жасалга боюнча мекеме-ишканалар, жеке менчик имараттар ортосунда атайын сынак жарыяланып, жеңүүчүгө “Эң мыкты жасалгалоо” — деген сертификат жана акчалай сыйлык тапшырылат.

Мекеме ишканаларга өзүнчө,  жеке ишкерлерге, жасалгалоо боюнча өзүнчө баа берилет.

Шаардын борбордук аянтына 13 метрге жеткен балаты орнотулуп, сахна жасалгалары 20-декабрга карата бүткөрүлөт.

Ошондой эле 31-декарбь күнү аянтта оюн зоок, маданий иш чаралар уюштурулат. Майрамдын жүрүшүндө:

— мыкты костюм

— оргиналдуу Аяз ата менен Аяз кыз

— мыкты куттуктоо жана башка кызыктуу оюн зооктор уюштурулат.

Шаардык бийлик шаар тургундарын борбоордук аянтка чакырат!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here