Баткен шаарында сарык оорусу күч алды

0
786

Шаардагы медицина кызматкерлери, шаардык билим берүү бөлүмүнөн, милиция, квартал башчылары менен биргеликте Баткен шаар мэриясы 14-декабрда чукул жыйын өткөрдү.

Маалыматка караганда, Баткен шаарында окуучулар арасында 1-декабрдан 10-декабрга чейин Гепатит-А же сарык оорусу менен ооруган 15 учур катталган.

Жыйында калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, менчик түрүнө карабастан мектеп, бала бакча, тиш дарылоо, ийне сайган жана сулуулук салондорунун гигиеналык абалын атайын комиссиянын негизинде карап чыгууга тапшырма берилди. 

Былтыркы жылга салыштырмалуу Баткен шаарында бул ооруу менен ооругандар саны кескин өскөн.  2022-жылы 11 айда 24 учур катталган болсо, быйыл 2023-жылдын 11 айында 75 учур катталган. 

Сарык  оорусу көпчүлүк учурда билинбей өрчүп, убагында дарыланбаса цирроз, рак ооруларына алып келет.

Гепатиттин А жана Е түрү турмуштук шартта эле жугат. Алсак, бул дартка көбүнчө дааратканадан же сырттан келгенде кол жуубаган, кайнатылбаган суу ичкен, мөмө-жемишти жууп жебеген адамдар кабылат. Алардын көбү жаш балдар болот.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here