Рыштан жана Баткен райондорунун ишкерлери кызматташат

0
1077

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон бир катар жетекчилер, райондун аймагындагы ишкерлер Өзбекстандын Рыштан районуна иш сапары менен барышты.

Жетекчилер жана ишкерлер Рыштандагы жаңы курулган кездеме чыгаруучу ишкананын жана калкка кызмат көрсөтүү борборунун ачылышына катышышты. 

Буга чейин жыл башынан эле эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык Баткендик ишкерлер менен Өзбекстандын ишкерлери менен кызматташып келет.  

Соңку кызматташуулар пахтаны кайра иштетүү, ун өндүрүү, мөмө жемиш сактоо жана күнөскана жаатында болду.

«Өзбекстандын Рыштан району Кыргызстандын Баткен жана Кадамжай райондору менен чектешип турат. Көптөгөн жылдар бою жабык турган чек ара бекеттер ачылып, эки элдин соода-сатык мамилеси жакшырды. Эми ишкерлердин кызматташуусу чектеш аймактардын экономикалык жактан өсүп өнүгүшүнө жакшы натыйжа»,- дейт Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев.

Белгилей кетсек, Баткен обулусунун эки район бир шаары Өзбекстандын 5 миллион калкы бар Фергана облусу менен чектешип турат. Аймакта эки өлкөнү байланыштырган 4 чек ара өткөрүү жайы бар.

Кызматташуулар Кыргыз президенти Садыр Жапаров менен Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин буга чейинки жолугушууларынын негизинде ишке ашырылып келет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here