Казакстанда жол тыгында калган кыргыз жарандарын куткаруу иштери уланууда

0
973

Маалыматка караганда 14-декабрь күнү, Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жааган кардын кесепетинен Алма-Ата –Ташкент унаа жолунда кар күрткү пайда болуп, унаа жолу жабылган. 

Алдын ала 112 кызматына келген маалымат боюнча,  Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 100-150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстан тарапка өтө албай калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жол тыгында калып калган жарандарды чыгарууга көмөктөшүү максатында Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан 39 куткаруучу, 8 техника кырсык болгон аймакка барышкан.

Жолду ачуу жана кутакаруу иштерине Казакстандын өзгөчө кырдаалдар департаменти тарабынан 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.

Мындан сырткары жарандарды коопсуз жайга эвакуациялоо жүргүзүлүүдө. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here