Баткенде 16 күндүк гендердик зомбулукка каршы акциянын алкагында спорттук мелдеш болду

0
1956

Бүгүн Баткен шаарында аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк гендердик зомбулукка каршы активдүүлүк акциясынын алкагында спорттук иш чара болуп өттү.

 

Иш чарага Баткен шаарынын аймагындагы мектептин окуучулары, милициянын өспүрүмдөр менен иштөө кызматкери, шаардык бийликтин өкүлү катышты.

Мелдеште спортун волейбол, баскетбол жана шахмат түрү боюнча жети мектептин окуучулары ат салышты.

Оюнда  байгелүү орундар үчүн дипломдор жана спортко арналган топтор тапшырылды.

 

1-орунду камсыз кылгандар кубокко ээ  болушту.

Аталган иш чара Acted уюмунун колдоосу менен ЖДС жана КПНС менен биргеликте өткөрүлдү. 

Салам Медиасы дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16 күндүк өнөктүккө активдүү катышат. Ошондой эле бул өнөктүккө ар бир угарман, көрөрман жана катаалуучусун кайдыгер карабоого чакырат. 

#КоркпоТоктотЖаша

#КоркпоСенЖалгызЭмессиң

#ТоктотСенинАлыңЖетет

#ЖашаӨзүңдүТанда

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here