Баткенде 30 гектар жер жана 23 турак үй сел кооптуулугунан коргоого алынды

0
2291

Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалыматына таянсак,  атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу мерчеминин негизинде Кадамжай районунун аймагында да быйылкы жылга карата бекитилген объекттерде жумуш уланууда.

Атап айтканда, Халмион айыл өкмөтүнүн Эргенек участкасында габион торчолору орнотулуп, толугу менен бүткөрүлдү. 

Жалпысынан 150 даана габион торчо орнотулуп, аталган участкада 23 турак үйдөн сырткары 30 гектар айыл чарба жер аянты жана 100 метр ички чарбалык жол сел коркунучунан коргоого алынды деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here