Конституциялык сот “матчество” жөнүндө чечимин жокко чыгарды

0
633

Конституциялык сот «матчество» жөнүндө чечимин кайра карап чыкты. Чечимде бул ишти кайра кароого Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаевдин сунушу негиз болгону белгиленген.

Конституциялык сот ушул жылдын 30-июнундагы чечимине түшүндүрмө берип, “матчество” айрыкча мамилени жана мыйзам чараларын талап кылган өзгөчө учурларда гана берилиши мүмкүн болгонун эскертти. Бул учурлар социалдык нормаларга туура келбеген, бирок юридикалык жактан чечүүнү талап кылган өзгөчө кырдаалдарды камтышы мүмкүн.

«Турмуштук трагедияларды башынан өткөргөн жана психологиялык же физикалык травма алган, же жашоосундагы атасынын ролуна байланыштуу башка терс кырдаалдарга кабылган адамдардын укуктары жөнүндө сөз болгон. Эгерде ушул себептен адам атасынын атын алып жүргүсү келбесе, андан баш тартуу укугу 18 жашка толгондо гана берилиши керек болчу», — деп айтылат соттун чечиминде.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here