Бишкекте “Бирдиктүү эл – өнүккөн өлкө” аталышындагы жалпы улуттук форум өтөт

0
584

Бишкекте 13-ноябрда “Бирдиктүү эл – өнүккөн өлкө” аталыштагы жалпы улуттук форум өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган форумга президент Садыр Жапаров катышат. 

Бул форум Кыргызстандагы улуттук прогрессти жана чакырыктарды карап чыгуу, коомдук биримдикти чыңдоого, жарандык интеграцияга багытталган Кыргыз жараны концепциясынын учурдагы абалы боюнча пикир алышуу жана аны мындан ары жайылтууга багыт берүү максатын көздөйт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here