Баткенде жыл башынан бери 1096 тургун гепатитке кабылды

0
691

Бул тууралуу Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү  жылдын 10 айында гепатиттин 1096 учуру катталды. Анын ичинен вирустук гепатиттин А түрүнө 1070 адам чалдыкса, В түрүнө 21 жана С түрүнө беш адам чалдыккан.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын 10 айына салыштырмалуу 823 учурга көп. 

Аймактык санэпид көзөмөл борборунун ар бир айыл өкмөттөргө, шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө, медицина мекемелерине жугуштуу сарык оорусунунун алдын алуу боюнча санитардык милдеттендирмелерди берди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь