Баткенде спорттук иш чарадан жаракат алган чек арачы каза болду

0
1280

8-ноябрда, атайын спорттук иш-чарада коопсуздук эрежесин бузган Баткен облусунун чек ара отрядында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан 27 жаштагы чек арачы каза болду. Бул тууралуу Салам Медиага УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 27 жаштагы прапорщик башынан оор жаракат алып, Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгерлер аскердин каза болгонун билдиришкен.

Аталган факт боюнча бардык тиешелүү органдарга билдирилип, тергөө иштери башталды. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат.  

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here