Кыргыз-тажик чек арасы боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү

0
693

Бул тууралуу кечээ 16- октябрда облустук бийликтин маалымат катчысы билдирди. 

Ага ылайык, жыйын Тажикстандын Бустон шаарында өтүп, ага эки өлкөнүн атайын кызматынын башчылары жетекчилик кылды. 

“Жолугушуунун жүрүшүндө делегация башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелерде өтүүсүн сыпаттоо боюнча макулдашууларды аткаруунун жүрүшүнө канааттангандыгын билдиришти.

Ошондой эле, Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторуна жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторуна ишти активдештирүү жана бардык орун алган чек ара маселелерин чечүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди,”- деп жазылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here