Президент Садыр Жапаров өлкө жарандарын көз карандысыздык күнү менен куттуктады

0
333

Бүгүн, 31-августта, Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгынын негизги салтанаты Ош шаарында белгиленди. 

Аталган иш чарада Садыр Жапаров кыргызстандыктарды өлкөнүн көз карандысыздык күнү менен  куттуктады.

Президент  өз сөзүндө «эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар дубанда өткөрүү ниети» болгонун, быйыл «3000 жылдан ашуун тарыхы бар, Фергана өрөөнү жана жалпы эле Борбор Азиядагы байыркы шаарлардын катарында турган ордолуу Ош шаарында, касиеттүү Сулайман тоонун астанасында» өтүп жатканын белгиледи.

Жапаров куттуктоосунда акыркы жылдары жетишилген ийгиликтерди атап, алардын катарында быйыл кабыл алынган Аскердик доктринаны, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун, жол куруудагы жетишкендиктерди айтты

Ош шаарында өтүп жаткан салтанатка президент Садыр Жапаров, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков жана башка бийлик өкүлдөрү, мамлекеттик, коомдук, саясий, жана маданий ишмерлер катышууда. Ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери да майрамдык мааракеге чакырылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here