Эгемендүүлүк майрамы Баткенде чоң салтанат менен белгиленүүдө

0
468

Баткен шаарында өткөн майрамдык иш чара борбордук стадиондогу кол өнөрчүлүк жана тамак-аш көргөзмөсү менен башталып, андан соң майрамдык салтанаттын расмий ачылышы башталып, Баткен элин Министрлер Кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов,Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев жана жергиликтүү жетекчилер  улуу майрам менен  куттукташты.

Майрамдык иш чарага Өзбекстандын Сох районунан келген коноктор да катышып,куттуктоо,каалоо тилектерин билдиришти.

Салтанаттын жүрүшүндө  театрлаштырылган оюн-зоок, аскер бөлүктөрү тарабынан даярдалган атайын көрүнүштөр, концерттик программа тартууланды.

Майрамдын урматына спорттун “улуттук кыргыз күрөш”, “аркан тартыш”, “кол күрөш”, “таш көтөрүү” ”стол үстүндөгү теннис» боюнча аялдар жана эркектер арасында мелдештер өтүүдө.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here