Баткенде экология башкармалыгынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

0
500

Баткенде  Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын жаңы кеңсеси ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты. 

Аталган мекеме 2000-жылы түзүлүп, бул жылдар аралыгында имаратынын эскилиги жетип, авариялык абалга келгендиктен, жаңы имарат куруу зарылчылыгы жаралган.

Ишкананын жаңы имаратын заман талабына ылайык куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 40млн сом сарпталган.

Аталган имараттын ачылуу аземине Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов,Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Турганбаев жана жергиликтүү жетекчилер,кызматкерлер катышты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here