Кыргызстанда жыл башынан бери жарым миллиондон ашуун адам ооруканада даарыланды

0
1076

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиршикенге караганда, өлкөдө жыл башынан бери саламаттык сактоо уюмдарында 557 миң 824 адам дарыланган учур катталган. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 544 миң 62 бейтап жалпы стационардык дарылануудан өткөн. Онкологиялык жана психиатриялык ооруканалар сыяктуу адистештирилген медициналык мекемелерде өлкөнүн 10 миң 904 жаранына медициналык жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары, 2 миң 858 бейтап кургак учукка каршы ооруканаларда дарыланган.

Социалдык категориялар боюнча ооруканага жаткырылгандардын эң көп саны 18 жашка чейинки балдар 31,8% пайызды түзсө,  камсыздандырылбаган адамдар 22,6 %пайызды,  пенсионерлер 15% пайызды, иштеген жарандар 7,4%; фермерлер жана жеке ишкерлер — 6,8%, социалдык жөлөкпул алган адамдар — 5,7% жана башкалар — 1,1% түзөт.

Белгилей кетсек, ооруканага жаткырылганда бейтаптар камсыздандыруу статусуна ылайык, жеңилдиктердин болушуна жараша акысыз дарыланышат, же орто деңгээлдеги кошумча төлөм төлөшөт, же максималдуу сумманы төлөшөт.

Милдетүү медициналык камсыздандыруудан өтүү үчүн кыргызстандыктар 1 миң 772 сом төлөшөт, ал эми чет өлкөлүк жарандар жана студенттер бир жылга 16 миң 391 сом төлөшөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here