Жер талашта жездесинен ок жеген баланын абалы жакшы деп бааланууда

0
956

Үч-Коргон айыл аймагынын Чаувай айылында жездесинин огунан жараткат алган жарандын абалы жакшы деп бааланууда. Бул тууралуу “Салам Медиага” Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынан билдиришти.

Учурда жаракат алган адам жандандыруу бөлүмүнөн, сыныктар бөлүмүнө которулуп, абалы жакшырууда. Жакынкы күндөрү ооруканадан чыгууга уруксат берилиши да мүмкүн.

Белгилей кетсек өткөн жумада, 2-августта Кадамжай районунун Чаувай айылынын 60 жаштагы тургуну 49 жаштагы өзүнүн кайнисин жана анын 22 жаштагы уулуна ок чыгарган. Окуяда аман калган 22 жаштагы баланын  абалы оор деп бааланып жаткан. Ал болуп өткөн окуядан кийин, алган жараанынан улам оң колунан ажыраган эле.  

Облустук милициянын Салам Медиага берген маалыматында, кылмышка шектүү жаран учурда убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат. 

Ал эми маркум 49 жатагы жаранга соттук медициналык жана биологиялык экспертизанын жыйынтыгы азырынча чыга элек.  

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here