Кызыл-Кыядагы ооруканага 2,2 млн сомдук медициналык жабдуулар тапшырылды

0
569

Улуттук Кызыл-Ай коому Кызыл-Кыя Жалпы дарыгердик практика борборунун көз оорулар бөлүмүнө операциялык микроскоп жана стабилизатор белекке берди. Бул тууралуу аталган уюмдун Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн көз оорулар боюнча координатору Бакытбек Давранов билдирди.

Даврановдун айтымында, кечээ 8-июлда Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканага жогоруда аталган жабуулар тапшырылды. Ошондой эле операциялык микроскоптун баасы  2 млн 120 миң сомду түзсө, стабилизатор  45 миң сомду түзгөн. 

“Мындан ары Улуттук Кызыл-Ай коому оорукананын материалдык техникалык базасын чыңдоо, толуктоо аракеттерин улантууну көздөп жатат.” – дейт Бакытбек Давранов.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here