Сүлүктү шаарында ички жолдор капиталдык ремонттон өтүп пайдаланууга берилди

0
318

Бул тууралуу шаардык бийликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, С.Султанов көчөсүндөгү жалпы дарыгерлер практикалык борборунун айланасына, атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын алдындагы аянтчага, Кош-Булак аймагындагы борбордук аятчага жана Раззаков көчөсүндөгү салык кызматынын алдына асфальт төшөлүп, шаардын борбордук көчөлөрүнө чункурларды жамоо иштери жүрдү.

Ал эми  улуттук дем берүүчү гранттардын эсебинен Н.Отбасаров, Дзержинский, Раззаков көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Аталган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен жалпы 2 млн 700 мин сом каржыланды -деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here