Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында 26 жаранга кызыл китеп тапшырылды. Бул тууралуу райондук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, район аймагында мыйзамсыз курулган турак жайлардын саны 5 миңге чамаласа, айыл аймактарда жерге мунапыс берүү боюнча 2 миңден ашуун жарандан арыз келип түшкөн.
Учурда район боюнча жаңы мыйзам менен берилген мамлекеттик актылардын саны 494 тү түзөт.