Баткен жана Лейлек райондорунда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт

0
670

Эртең 2-августта Баткен жана  Лейлек райондорунда электр жарыгы “Айгүл-Таш” көмөк чордонундагы кезектеги оңдоп-түзөөгө байланыштуу убактылуу өчөт. Бул тууралуу  Баткен электр тармактар ишканасынан билдиришти.  

Ага ылайык, электр жарыгы эрте мененки  саат 8:00дөн  18:00гө чейин  өчүрүлөт. Электр энергиясы Лейлек районун бардык айыл, шаарларында, Сүлүктү шаарынын бардык кварталдарында,  Баткен районунун Дара, Кыштут, Кара-Булак, Самаркандек, Кара-Бак, Ак-Татыр, Аксай, Төрт-күл жана Суу-Башы айыл аймактарында өчөт. 

Ошондой эле жарык, Баткен шаарынын Кызыл-Дөң, Чет-Булак, Базар-Башы, Булак-Башы, Тамаша-Жай, Келечек, МСО, Аэропорт жана СМУ кварталдарында да өчөт-деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here