Лейлек районунун аймагында инфекциялык оорулардын жана тамак-аштан уулануунун алдын алуу үчүн иш чаралар жүрүүдө. Бул тууралуу Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жыйынтыгы менен бир сулуулук салонуна жана стоматологияга, эки ашканага санитардык милдеттендирмелер берилип, бир чач тарачканага 4000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.