Эл дөөлөтү-эмгек

0
346

Баткен шаарында мамлекет менен социалдык келишимдин негизинде каржылык колдоо алып иш баштаган Баткен районундагы үй-бүлөлөрдүн ишмердүүлүгүнүн натыйжасын көрсөткөн “Жаңы кадам” деген аталыштагы конференция болду. 

Бул тууралуу Баткен райондук администрациясынын маалымат кызматы кабарлады. 

Конференцияга социалдык келишим түзгөн жарандар, тийиштүү мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Жөлөкпулдан баш тартып чакан бизнестерди уюштуруу менен өз турмуш шартын жакшырткан жарандар бийлик өкүлдөрүнө ыраазычылык айтышты.

Жыйында кыска убакытта өз бизнесин түптөп, элге кызмат көрсөтүү менен кирешеге чыккан жарандар ийгиликтери менен бөлүштү. Ошондой эле социалдык келишим түзгөн жарандардын колунан өндүрүлгөн түрдүү тамак аштар, кол өнөрчүлүк товарлары, сүт азыктары жана башка продукциялар көргөзмөгө коюлду. 

Белгилеп кетсек, Министрлер кабинетинин “социалдык жардам көрсөтүү” жөнүндөгү долбоорунун алкагында 2023-жылы Баткен району жана Баткен шаары боюнча 400 жаран үй-бүлөлүк кирешелерин чыңдоо үчүн мамлекет менен социалдык келишим түзгөн. Ага чейин 2022-жылы 50 адам колдоо алган.  

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here