Түнкү рейд учурунда 2 өспүрүм кармалды

0
559

Баткен шаардык ички иштер бөлүмү 27-июль күнү «Жайкы өспүрүм» аталышында рейд жүргүздү. Рейдке Баткен райондук прокуратурасынын прокурору Бактыяр Көлбаев, Баткен шаардык мэриясынын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын инспекторлору жана социалдык кызматкерлери компьютердик клубдарды кыдырып чыгышты. 

Жыйынтыгында 2 жашы жетелек өспүрүм компьютер ойноп отурган жеринен табылды.

Эки бала ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Ошондой эле клубдун ээлери менен түшүндүрүү иштери жүрүп, саат 22:00дөн кийин жашы жете электерди киргизбөө керектиги эскертилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here