Бул тууралуу Баткен райондук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, учурда, Самаркандек жана Сүлүктү шаарынын аймагынан өндүрүлгөн көмүрлөр 6-7 жана 8,5-12 сомдон сатылууда.
Ошондой эле райондук бийлик аймакта көмүр сатылуучу жайлар түзүлүп жатканын кошумчалады.
Бул аракеттер район акиминин аймакта күз-кыш мезгилине даярдык көрүү тапшырмасынын алкагында жүрүүдө.