Баткенден Ысык-Көлгө 293 бала эс алууга жөнөтүлдү

0
492

Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, эс алууну облустук бийлик, акыркы чек ара окуяларында каза болгон жарандардын балдарын, багуучусунан ажыраган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын жана окуунун мыктыларын ар тараптуу колдоо максатында уюштурган.

«Аларды 17 коштоочу мугалим, 2 милиция кызматкери, 1 медицина кызматкери, 17 айдоочу коштоп кетти.

Балдар 10 күн бою Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын-балалык” ден-соолукту чыңдоо борборунда эс алышат.» – деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here