Лейлекте бир түн ичинде 20га жакын укук бузуу протоколу толтурулду

0
544

Милиция Лейлек районунун аймагында түнкү рейд жүргүздү. Анда 180ден ашуун автоунаа текшерилип, укук бузган 19 айдоочуга айып пул салынды. Бул тууралуу Облустук милициядан билдиришти.

Ага ылайык, түнкү иш чарада 4 автоунаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, анын бирөөсү автоунааны мас абалда башкарган.

Ошондой эле район аймагындагы 5 компьютердик клубтар текшерилип, анда кечинде жүргөн эки өспүрүм аныкталып, ата-энелери чакыртылып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here