Садыр Жапаров мамлекттик тил боюнча мыйзамга кол койду

0
627

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды. 

Мыйзамды 31-майда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Президенттин сайтында мыйзамдын жоболору  кенен жазылган жана расмий тил катары орус тили пайдаланары белгиленген. 

Анда Кыргызстандын аймагында жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин пайдалануу принциби кармалат жана бул тилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берилет. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу”, — деп жазылат маалыматта.

Аталган конституциялык мыйзамдын жаңы редакциясы былтыр күздө коомдук талкууга чыгарылган. Демилгечиси — өкмөт, документти Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча комиссия иштеп чыккан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here