Орунбеков: «Кыргызстанда курулуш тармагында жумушчулар жетпей жатат»

0
595

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков учурда Кыргызстанда курулуш тармагына жумушчулар жетпей жатканын билдирди. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жумушчуларды үгүттөгөн видео дагы жарыялады.

Анда Кыргызстанда оор сыноолор, чек арадагы кагылышуудан кийинки ири чыгымдарга карабай өлкө аймагында курулуштар кызуу жүрүп жатканын белгилеп, ошону менен катар курулуш тармагына жумушчу күчү жетишпей жатканын ошондой эле курулушчулардын айлык маянасы 80 миң сомдун тегереги экенин жазган. 

Ошондой эле Орунбеков жарыялаган видеодо, кызматкерлер үчүн жумуш орундары сунушталган. Бул тармакка, кыш койгондор, моналит куйгандар, шыбакчылар, сантехниктер, жыгач усталар, бетон куюучулар, газ жана электр ширетүүчүлөр, моляр, арматура токугандар, усталар, прорабтар, курулушка керектелүүчү техниканын айдоочулары, жана майда жумуштарды аткаргандар талап кылынууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here