Баткен шаарында мэриянын тийиштүү кызматкерлери, мамлекеттик тил боюнча адистер шаардын борбордук көчөлөрүндө мамлекеттик тил эрежелери сакталбаган, кыргыз тилинде туура эмес жазылган көрнөк-жарнактардан арылуу максатында рейд уюштурду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди.
Рейддин жүрүшүндө эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар жеринде алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эскерте кетсек, буга чейин шаар көчөлөрүн иретке келтирүү максатында муниципиалдык менчик башкармалыгы тарабынан да эскертүүлөр берилген.