Баткендеги кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу жыйынтыкталды

0
1256

Баткен шаарында өткөн Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу жыйынтыкталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуу 3-июлдан 9-июлга чейин созулду. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Бирок Минкаб кандай протоколго кол коюлганын ачыктаган жок.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Тажикстанда болоору пландалууда. – деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here