Лейлекте каза тапкан жоокердин өлүмү боюнча тергөө башталды

0
717

Лейлектеги 35524-аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокердин өлүмү боюнча тергөө башталды. Бул тууралуу  Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Ага ылайык, окуя Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

«Окуянын себеби такталып жатат, бул фактыга байланыштуу кызматтык иликтөө башталды»,- деп жазылат маалыматта.

Аскердик кызматын өтөп жатып өзүн кокустан атып алган, жараат алган жана каза болгон жоокерлер боюнча түрдүү окуялар буга чейин да катталып келген.

Жоокерлердин жакындары алардын өлүмүнүн себебине ишенишпейт. Өзүн-өзү атып алды делген жоокерлердин өлүмү тергелгени менен, анын жыйынтыгы ачыкталбайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here