Баткенде 60 турак үй сел коркунучунан корголууда

0
852

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Лейлек районунун Сүлүктү шаарында сел коркунучунан коргоо иштери колго алынды.

Сел кооптуулугу жогору болгон сайдын 98,5 метр аралыгына сел тосмосун орнотуу долбоору быйылкы жылга бекитилген. Аталган долбоор капиталдык курулуш иш-мерчеминин негизинде ишке ашырылат. 

Ал эми сайдын жээгин бекемдөө иштери бүткөрүлсө, шаардагы 60 турак үй, мейманкана жана Сүлүктү шаардык тазалык муниципалдык ишканасы сел коркунучунан коргоого алынат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here