Баткенде 11млн долларлык агрардык долбоор иштей баштады

0
637

Баткенде «Баткен облусунда жемиштүү өнөктөштүктү куруу үчүн экономикалык абал жана агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү» аталышындагы жыйын болуп өттү. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында район-шаар, айыл аймак башчылары, Бишкек шаарынан келген ишкерлер, жергиликтүү ишкерлер менен дыйкан фермерлерге АРИС уюмунун эксперттери айыл чарба тармагынын өнүгүү багыттары, долбоордун максаты, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти. 

Ал эми AgroWay компаниясы  аймактын айыл чарбасынын жана агробизнесинин потенциалына жүргүзүлгөн комплекстүү изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берди.  

Аталган жыйынга облус башчысы Абдикарим Алимбаев катышып, долбоор аркылуу Баткенде айыл чарба аянттарын  кеңейтүү менен катар,  дүйнөлүк рыноктун талаптарына ылайык продукция өндүрүүнү, кайра иштетүүнү өздөштүрүп, экспортко чыгаруу иштерин активдештирүү милдети турарын, эң негизгиси, аймакка  сугат суу жеткирүү, сууну үнөмдүү пайдалануу маселелери бар экенин, ошондой эле эт өндүрүү, асыл тукум мал чарбачылыгы үчүн да аймагыбыз ыңгайлуу экенин белгиледи. 

Жыйын, долбоордун 2-компонентинин алкагында изилдөө натыйжаларын презентациялоо жана талкуулоо, кызыкдар тараптар менен кызматташтык картасын түзүү, облус аймагында артыкчылыктуу өндүрүштүк өнөктөштүктү өркүндөтүү максатын көздөйт. 

Иш чаранын соңунда катышуучулар резолюция кабыл алышты. Ошондой эле  ар бир айыл өкмөтү, жеңилдетилген товардык кредиттерди алуу үчүн  иш пландарды жана долбоорлорду сентябрь айына чейин түзүү керектиги айтылды. – деп белгиленет маалыматта. 

Белгилей кетсек,  Дүйнөлүк Банк тарабынан Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө 50 млн доллар  бөлүнгөн. Анын 11 млн  доллары  айыл чарбасын өнүктүрүүгө  жумшалат. Долбоорду АРИС ишке ашырат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here