Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына таянсак, кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унаанын жүк салонуна бажылык текшерүү учурунда, Кыргызстандын бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтери жок чарбалык товарлары, ошондой эле ассортименттеги тамак-аш азыктары аныкталган.
Кармалган товарлар чектеш ЕАЭБ мамлекетинен алынып келинген, жалпы салмагы 1833,3 кг, орточо базар баасы 342 905 сомду түзгөн.
Аталган факт боюнча материалдар бажы органынын бажылык териштирүү секторунда каралууда.