Лейлекте жаш балдардын сууга түшүүсүнө көзөмөл күчөдү

0
733

Бул тууралуу облусттук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Ага ыйлайык, милиция Лейлектин Арка, Достук, Жаштык жана Борбордук айылдарындагы сууга түшүү кооптуу делген жерлерге эскертүү тактайчаларын орнотту.

Ошондой эле милиция кызматкерлери Фергана, Арка, Достук каналдарында көзөмөлсүз, өз алдынча сууга түшүп жаткан жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштерин жүргүздү. 

Түшүндүрүү иштери ата-энелер арасында да жургүзүлүп,  аларга 27 эскертүү актылары берилди. 

Белгилей кетсек, өлкө аймагында 2023-жылдын алгачкы 6 айында 60тан ашуун өспүрүм сууга чөгүп каза тапканын 5-июлда ИИМ кабарлаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here