Баткендик ишкерлерди алдаган “Келечек ЛТД” компаниясынын өкүлү камакка алынды

0
980

Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы жалпысынан 5 млн 347 миң сомдук курулуш материалдарын баткендик ишкерлерден алып, акчасын алдап бербей койгон.

Бул факты боюнча ишкерлердин арызынын негизинде кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө учурунда,  “Келечек ЛТД” жооптуу өкүлү  шектүү катары суракка алынып,  камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү  “Келечек ЛТД”  курулуш компаниясынын өкүлү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө боюнча тийешелүү ыкчам иш чаралар  жүрүп жатат. – деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here