Баткенде мыйзамсыз ташылган дары-дармектер аныкталды

0
911

Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ага ылайык, Лейлек районунун 30 жана 32 жаштагы тургундарынын башкаруусундагы унаадан коңшу өлкөдөн  аткезчилик жол менен Баткен облусунун аймагына алынып келинген дары-дармектер табылган. Жүктү Лейлек районунан Кадамжай районун көздөй жергиликтүү соода түйүндөрү аркылуу сатуу үчүн бара жаткан.

Унаа жана жүк атайын сактоочу жайга токтотулуп, аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Белгиленген тартипте жүктү жок кылуу үчүн материалдарды бажы органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.     

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here