Өлкө башчы кыргыз-тажик чек арасын тактоо солгун жүрүп жатканын айтты

0
1086

Бул тууралуу президенттин “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде айтылды.
Президенттин эки тараптуу суйлөшүүлөр өтө жай журүп жатканын билдирди. Буга себеп катары тажик тараптын кээ бир тилкелерди 1924-жылдагы карта менен тактоо талабы болгонун айтты.

«Кошуналар жакшы келе жатып эле айрым тилкелерге келгенде, «бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели» деген сунуштарын киргизип жатышат. Ошон үчүн маселе токтоп калууда. Чындыгында, 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек», — дейт Жапаров.

Ал эгер эки тарап тең макул болуп, 1924-жылкы карта менен чечсе, анда чек ара тилкелеринин баарын кайрадан карап чыгуу керектигин билдирди.

«Ошол мезгилде эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан, майга чейин чечип бүтөбүз деп болжогом. Тилекке каршы, бүтө элекпиз», — деген президент.

Бишкекте 1-7-апрель күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болгон.

Садыр Жапаров өткөн жылдын соңунда Баткендеги иш сапары учурунда май айына чейин чек араны тактоону аяктоого ниеттенип жатканын билдирген.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып турат. Эң ириси былтыр сентябрда болуп, Кыргызстан анда 63 жаранынан айрылды.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун жарыялаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here