Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районундагы 16 ишкердик субъект жер мыйзамдарын одоно бузуу менен аталган аймактагы “Анкурсай” сел жүрүүчү кооптуу жерге соода түйүндөрүн ачып алышкан.
Бул факты боюнча 14- апрелде кылмыш-жаза кодексинин өзүм билемдик беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.