Лейлекте Куран жарышы өткөрүлдү

0
425

Маданият үйүндө Лейлек райондук хатибияты жана «Адеп Башаты Баткен» диний уюму тарабынан «Рамазан – Куран айы» аттуу Куран жарышы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук казыяттан билдирди.

Мелдеш Лейлек району боюнча өткөрүлүп, ага кеминде 1 пара Куран жаттаган 20 жашка чейинки 100 гө жакын медреседе окубаган, карылык илими жок жаш үйрөнчүк Лейлек районундагы жаш өспүрүмдөр жана уландар катышты.

Жыйынтыгында 2 категориядан 1-2-3-орундар аныкталып, жалпы 6 байгелүү орунга ноутбук, смартфондор, телевизор, шайтан араба , самокат түрүндөгү баалуу белектер жана грамоталар ыйгарылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here