Орусиянын өкмөтү Кыргызстан менен абадан коргонуу боюнча биргелешкен системаны түзүү жөнүндө макулдашууну жактырды

0
720

Документке эки өлкөнүн коргоо министрлери былтыр кол коюшкан.

Тараптар бул көптөн бери пландалып келаткан долбоор экенин билдирүүдө. 

Орусия менен Кыргызстандын абадагы чабуулдардан биргелешип коргонуучу система түзүүгө байланыштуу орус өкмөтүнүн токтому мекеменин атайын сайтына жарыяланганын Эркин Европа/Азаттык Медиасы жазып чыкты.  

Бул кабар чыккандан көп өтпөй 10-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефондо сүйлөшкөнү белгилүү болгон. Анда алар жалпы кызматташтык жөнүндө кеп кылышканы айтылган.

Эки өлкөнүн ортосунда абадан коргонуу боюнча бирдиктүү система түзүү боюнча буйрукка 2022-жылдын 8-июлунда орус президенти Владимир Путин өзү кол койгон.

Орусиялык «Интерфакс» агенттигинин маалыматына караганда, Орусия менен Кыргызстандын абадан кол салуудан коргонуунун биргелешкен системасы атайын түзүм сыяктуу болот. Анын курамына кирчү аскерлер эки тараптын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тандалат. Орус күчтөрүн Кыргызстанда жайгаштыруу үчүн кыргыз тарап Орусияга келишимде көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин беш гектар жерди акысыз бериши керек болот.

Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу — Канттагы аскердик аба базасы. Буга чейин Орусиянын Кыргызстандагы аскер объектилери бирдиктүү аскердик аба базасына бириктирилген. Анын курамына Канттагы аскер-аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор кирет.

Буга чейин Кыргызстан абадан коргонуучу «Аксунгур», «Акынжы», «Анка» аскердик техникасын, «Байрактар» учкучсуз учактарын алганы расмий маалымдалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here